Menu

Буга чейин даярдалган Конституциянын долбооруна олуттуу түзөтүүлөрдү киргизүү мүмкүн эмес

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-ноябрда өлкөнүн Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду дайындоого байланыштуу юристтер брифинг өткөрүп жатышат.

Көзкарандысыз адвокат Семетей Аманбековдун айтымында, конституциялык кеңешменин тартиби жөнгө салынган жок жана аны президенттин м.а. жарлыгы менен чакыруу мыйзамсыз болгон, анткени мамлекет башчы жана анын кызматкерлери мыйзам демилгелөөгө укугу жок.

Ал кошумчалагандай, Конституциянын долбоору буга чейин эле даяр болгондуктан, кеңешменин мүчөлөрү аг олуттуу түзөтүүлөрдү киргизе алышпайт.

Белгилей кетсек, Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга 17-ноябрда коюлган. Жарыялангандан кийин коомчулукта наазачылыктар пайда болду. Жаңы долбоорга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейип, ал аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алынат. Мамлекеттик башкарууга “Элдик курултай” деген жаңы институт киргизилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: