Menu

Ошто 20 жаштагы баланын өлүмүнө шектелип Кытай жараны эки айга камакка алынды

Бөлүшүү:

Ошто 20 жаштагы баланын өлүмүнө шектелип Кытай жараны эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алардын айтымында, 19-ноябрда А.Масалиев көчөсүндө 20 жаштагы жигит бычактан жаракат алып көз жумганы белгилүү болду. Окуя болгон жерге келген тез жардам кызматкерлери өлүм фактысын билдиришти.

Ош шаардык милиция кызматкерлери каза болгон жаран Кара-Суу районунун 2000-жылы туулган тургуну экендигин аныкташты. Ошондой эле, кылмыш болгон жерде жансыз дененин жанынан ашкана бычагы табылган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүү кармалган, ал Кытайдын Р.А. аттуу жараны. Ал 1993-жылы туулган, Ош шаарында убактылуу жашап, коомдук тамактануучу жайлардын биринде иштечү.

“Кылмышка шектүүнүн айтымында, ал мындай кылмышты жасаган, анткени мас абалындагы жабырлануучу аны ур-токмокко алып, анын ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен, ошондуктан ал каршылык көрсөтө албай, чөнтөгүнөн бычакты сууруп, сайып жиберген. Андан кийин коркуп, кылмыш болгон жерден качып кеткен”, – деп билдирди милициядан.

Шектүү тергөө аяктаганга чейин 2 айга убактылуу кармоочу жайга камалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: