Menu

Наталья Никитенко: “Кыргызстандын тарыхында бюджетте мындай 35 миллиард сомдук тартыштык болгон эмес”

Бөлүшүү:

Кыргызстандын тарыхында бюджетте мындай 35 миллиард сомдук тартыштык болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда депутат Наталья Никитенко ЖКнын Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында учурунда 2020-жылдын бюджетинин долбооруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселесин карап жатканда билдирди.

Эл өкүлү өкмөттүн жана парламенттин өкүлдөрү чоң милдеттерди жана жоопкерчиликти алып жатышат деп эсептейт.

“Абал оор, аны коомдон жашырууга акыбыз жок. 35 миллиард сомдук таңкыстыкты кайсы булактардан жабуу пландаштырылып жаткандыгын түшүндүрмө катта көрсөтүү керек”, – деди ал.

Каржы министри Кыялбек Мукашев 3,5 миллиард сомдук таңкыстык өткөн жылдан калган атайын каражаттардын эсебинен жабылат деп жооп берди.

“Тартыштыктын 35 миллиард сомунун 3,5 миллиард сомун жабасыз, калган 32 миллиард сомун кантип жабасыз?” – деп сурады депутат.

Министр тартыштык негизинен тышкы жардамдын эсебинен жабыла тургандыгын айтты. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: