Menu

Өзбекстанда COVID-19 жөнүндө фильм тартууга бюджеттен 22 миң доллар бөлүндү

Бөлүшүү:

«Узбеккино» улуттук агенттиги «Даректүү жана хроникалык фильмдердин киностудиясы» ишканасы менен бирге «Сыноо күндөрү» аттуу тасманы тартууга киришти.

«Узбеккинонун» маалымат катчысы Нозим Сафари үч сериалуу фильмди тартууга мамлекеттик бюджеттен 230 миллион сум (22 миң доллар) бөлүнгөнүн билдирди.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов жөнүндө даректүү тасма тарткан жана андан башка 40тан ашуун фильмдердин режиссеру, 31 жаштагы Данияр Шокиров тасманын биринчи бөлүмү быйыл декабрда жарыкка чыгарын билдирди.

Шокировдун айтымында, коронавирус инфекциясы менен күрөшкөн дарыгерлер менен ушул оор күндөрү жанын аябай иштеген башка кесиптердин өкүлдөрү COVID-19 жөнүндөгү фильмдин башкы каармандары болушат.

«Узбеккинонун» маалымат катчысы Нозим Сафари тасма мамлекет башчы менен элдин коронавируска каршы бирге күрөшүн, андан тышкары улуттук баатырга айланган дарыгерлердин, аскерлердин, ИИМ жана Улуттук гвардия кызматкерлеринин эмгегин чагылдыра турганын кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: