Menu

Тажикстанда түрмөдө отурган оппозициячыл саясатчы президенттен ырайым суроодон баш тартты

Бөлүшүү:

Зайд Саидов. Архив сүрөт

Тажикстандын мурдагы өнөр жай министри, ишкер Зайд Саидов күнөөсүн мойнуна алуудан жана президент Эмомали Рахмондон ырайым суроодон баш тартты. Бул тууралуу мурдагы министрдин туугандары билдиришти.

“Түрмөдө ага (Зайд Саидовго– Ред.) аткаминерлер келип, күнөөсүн мойнуна алууну жана президенттен кечирим сурап кат жазууну сунушташкан. Бирок ал жалган айыптоолор менен түрмөгө отурганын айтып, макул болгон эмес”, – деди Саидовдун туугандарынын бири.

Тажик бийлиги бул маалыматты ырастап же төгүндөгөн жок.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 30-октябрда инаугурация аземинен кийин 378 кишиге ырайым берген. Мунапыска кайсы категориядагы кишилер илингени айтылган эмес.

Зайд Саидов 2013-жылы “Жаңы Тажикстан” аттуу жаңы оппозициялык партия түзгөнүн жарыялагандан кийин камакка алынган.

Тажикстанда сот Саидовду каржылык “көз боёмочулук кылган, көп аял алган жана бойго жете элек кыздар менен сексуалдык катнашка барган” деген айып менен 26 жылга түрмөгө кескен.

Кийинчерээк ал “Душанбе Плаза” соода комплексин курууда документтерди бурмалоого жана “Тажикатлас” бирикмесин мыйзамсыз менчиктештирип алууга айыпталып, жаза мөөнөтү 29 жылга узартылган. Сот аны мамлекетке 34 миллион сомони төлөп берүүгө милдеттендирген.

62 жаштагы Зайд Саидов жазасын Вахдат колониясында өтөп жатат. Май айында анын уулу Хайрулло Саидов атасы ооруп жатканын, анда коронавирустун белгилери бар экенин билдирген. Ал тажик бийлигине кайрылып, түрмөдөн жашы 60тан жогору кишилерди бошотууну сураган. Бийлик бул чакырыкка көңүл бурган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: