Menu

Нур-Султанда полиция журналист Айгүл Утепованы психдиспансерге алып кетти

Бөлүшүү:

23-ноябрда Нур-Султанда полиция кызматкерлери журналист жана блогер Айгүл Утепованы үйүнөн психикалык клиникага алып кетишти.

Өткөн жумада апелляциялык сот аны мажбурлап психикалык текшерүүгө жөнөтүү тууралуу чечимди жокко чыгаруу тууралуу адвокаттын өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Утепова полициянын унаасына отуруп жатып: — Жакында эле мен толук текшерилип, ички органдарымды УЗИден өткөргөм. Дарыгер менин саламаттыгым жакшы экенин ырастаган. Мени психикалык клиникага ден соолугума байланыштуу эмес, саясий өңүт менен алып кетип жатышат деп эсептейм, – деди.

Социалдык түйүндөргө бийликти сындаган макалаларды жарыялап келген белгилүү журналист жана блогер Утепова 17-сентябрдан бери үй камагында кармалууда. Ал «тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышкан» деп шектелүүдө. 16-ноябрда Нур-Султан шаарынын райондор аралык тергөө соту анын үй камагындагы мөөнөтүн бир айга узарткан. Ага чейин ушул эле сот Утепованы «психикалык саламаттык борборунан текшерүүдөн өткөртүү тууралуу» тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырган.

Адвокат Галым Нурпеисовдун айтымында, токтом боюнча Утепова психдиспансерде 11-декабрга чейин болушу керек. Анын адвокаты менен туугандары аны «текшерүүгө» жөнөтүүгө эч кандай негиз жок деп эсептеп, сот чечиминин артында сын макалалардын авторун четтетүү аракети турарын билдиришүүдө.

Өткөн жумада эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Айгүл Утепованы «абийир туткуну» деп атаган. Уюмдун билдирүүсүндө журналист көз карашын билдиргени үчүн гана куугунтукталып жатканы, аны үй камакка алуу «мыйзамсыз» жаза экени жазылган. Уюм муну «ачык сын айтуу үчүн» колдонулган репрессиянын формасы болушу мүмкүн деп сыпаттап, журналист эч кандай кошумча шарттарсыз тез арада бошотулушу керек экенин белгилеген.

50 жаштагы Айгүл Утепова NewTimes.kz порталында журналист болуп эмгектенип, өзүнүн YouTube каналын иштетип келген. 2015-жылы президенттик шайлоодо талапкерлигин коюп, бирок кийин шайлоо өнөктүгүнө катышуудан баш тарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: