Menu

Байден мамлекеттик катчы кызматына Энтони Блинкенди сунуштайт

Бөлүшүү:

Энтони Блинкен

АКШнын шайланган президенти Жо Байден мамлекеттик катчы кызматына Энтони Блинкенди сунуштоого ниеттенип жатат. Бул тууралуу америкалык басылмалар өз булактарына таянып билдиришти.

58 жаштагы Блинкен Барак Обама президент болуп турганда Мамлекеттик департаменттин башчысынын орун басары кызматында иштеген. CNN телеканалы Блинкен 2014-жылы Ак үйдүн тышкы саясатында, анын ичинде Крымдын аннексияланышына карата реакция кылууда башкы ролду ойногонун билдирүүдө. Мындан тышкары ал ошол кездеги вице-президент Жо Байдендин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси болуп иштеген.

Маалыматтарга караганда, АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү кызматына мамлекеттик катчынын мурдагы жардамчысы Линда Томас-Гринфилд, президенттин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси кызматына Хиллари Клинтондун мурдагы кеңешчиси Жейк Салливан сунушталышы мүмкүн.

Байдендин өкүлдөрү ыктымал мекеме башчыларынын аты-жөнүн айтуудан баш тартышты. Басылмалар жаңы шайланган президент талапкерлер тууралуу 24-январда маалымат берет деп күтүлүүдө.

АКШда 3-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгында Байден шайлоочулар коллегиясынын 306сынын, атаандашы Дональд Трамп 232синин добушун алган. Трамптын кеңешчилери добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча сотко 20дан ашык доо арыз менен кайрылган. Бирок алардын дээрлик бардыгы четке кагылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: