Menu

Садыр Жапаров: “Парламент менин сунушумду туура көрсө, референдумду президенттик шайлоо менен өткөрүш керек”

Бөлүшүү:

– Кыргызстандын тарыхында Курултай деле өткөн. Анан кийин ал Курултайда ошол делегаттар келип, угуп, кол чаап кетип калышкан. Эч кандай сын-пикир айткан эмес. Бул ирээт дагы кайталанып калбайбы – деген коркунучтар барбы?

“Мурда болсо элдин түшүнүгү көп жок болчу. 15 жыл мурунку эл менен бүгүнкү элди салыштырууга болбойт. Азыр билимдүү жаштар өсүп келе жатат. Элдин бардыгы саясатты, экономиканы, бюджетти түшүнүп калды. Жада калса Конституцияны окуп, аны талкуулап баштады. Бул деген сөз – эртең келип Курултайда унчукпай калбайт деген сөз. Курултайда ар бири өз сөзүн айтат деп ишенем”, – деди Садыр Жапаров.

– Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Кийинки процедуралары кандай болот? Кандай жолдор менен кабыл алынып, качан күчүнө кирет? 

“Президенттик шайлоо жакындап келе жатат. Парламент менин сунушумду туура көрсө, референдумду президенттик шайлоо менен өткөрүш керек. Конституциялык кеңеш карап бүтсө, Жогорку Кеңешке процедураларды берет. Жогорку Кеңеш алат дагы анан референдумга чыгарат”, – деп билдирди Жапаров.

– Азыр сиздин оппоненттериңиз “Садыр айта берет анан сөзүнөн кайта берет”, – деген лакап сөздү коомчукка жайылтып жатышат. Сиз буга чейин башкаруу тутумунда президент анан вице-президент болот деп айткансыз. Азыр болсо ошол сөзүңүздөн кайтып президент, премьер-министр, министрлер деп айтып жатасыз. Демек сиз ошол сөзүңүздөн кайттыңызбы?

“Ооба ошондой сөз бар. Мени премьер-министр кызматына көрсөтүп жатканда, депутаттар, саясий күчтөр кысымга алышты. Мен ошондо айттым, мейли мыйзам талаасынан чыгып кете турган болсок, партиялык шайлоо менен жаңы шайлоо өткөрөлү дагы, анан кийин референдумга баралы дегем. Бир күндөн кийин кайра ошол эле депутаттардын өзүн топтодум. Тегерек столдо отуруп, сүйлөшүп анан бир келишимге келгенбиз. Анда айтканбыз, жаңы мыйзам кабыл алалы, парламенттик шайлоо жазда болсун. Реформаны бүтүрүп алалы. Бардыгы макул болуп, депутаттар мыйзам кабыл алып берди, мен кол коюп бердим. Вице-президент боюнча – аты алмашканы менен заты алмашбайт. Эмне үчүн дегенде кошуна өлкөнүн бардыгы премьер-министр деген ат менен жүрүшөт”, – деди Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: