Menu

Украин министри ПЧР-тесттин айынан Казакстандын өкмөт башчысы менен жолуга алган эмес

Бөлүшүү:

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев премьер-министр Аскар Мамин менен саламаттык сактоо министри Алексей Цойду кабыл алууда

Ноябрдын башында Нур-Султанга учуп келген Украинанын инфраструктура министри Владислав Криклий баштаган делегация мүчөлөрү Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолуга алышкан эмес. Буга меймандардын коронавирус жок экенин ырастаган ПЧР-тестинин мөөнөтү өтүп кеткендиги себеп болгон.

https://www.centralasian.org/a/30965019.html

Криклий Казакстанга ноябрдын башында келип, өлкөлөрдүн Индустрия жана инфраструктура министрликтеринин ортосундагы кызматташтык тууралуу меморандумга кол койгон. Украинанын делегациясы казак өкмөт башчысы менен 12-ноябрда жолугуп, өлкөлөр ортосундагы соода көлөмүнүн кескин азайышын талкуулашмак. Бирок аларды премьер-министрдин орун басары Роман Скляр кабыл алган.

Криклий алгач Мамин менен жолугушуу 10-ноябрга белгиленгендиктен, украин делегациясы 6-ноябрда коронавируска каршы тест тапшырганын, Казакстанга келгенден кийин жолугушуу эки күнгө жылып калганын билдирди.

Ал ортодо Украинада Путиндин өкүл баласы Виктор Медведчукка байланышы бар экени айтылып жүргөн орусиячыл ЖМКлар тест жыйынтыктарынын мөөнөтү гана өтпөстөн, алар жасалма болгонун да билдирип чыгышты. Министр мындай маалыматтарды четке кагып, аларды «сандырак кеп жана жалган» деп атады.

Быйыл май айында Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков да коронавируска байланыштуу Москвадагы парадга ардактуу конок катары катыша алган эмес. Буга Москвага учуп барганда кыргыз делегациясы коронавируска анализ тапшырып, экөөнүкү таза эмес болуп чыккандыгы себеп болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: