Menu

Садыр Жапаров: “1, 5 айда ушул “Ханский” конституция менен бийлигим турду. Ушул убакытта саясий оппоненттерди камап койсо болот эле да, бирок мен андай кылган жокмун”

Бөлүшүү:

Түндө КР Президенттигине талапкер Садыр Жапаров 7-каналга маек куруп, коомчулуктун көкүрөгүн өйүткөн айрым суроолорго жооп берди.

– Коррупция менен күрөш десе буга чейин саясий оппоненттерди жок кылуу же оозун жабуу – деп айтылып келген. Сиз буга чейин айтып кеттиңиз эле. “Мен эч убакта саясий оппоненттеримди куугунтук кылбайм”, – деп. Экөө бири-бирине карама-каршы келе жаткан жокбу? 

“1, 5 айда ушул “Ханский” конституция менен бийлигим турду. Ушул убакытта саясий оппоненттерди куугунтук кылып койсо болот эле да. Убактылуу өкмөт 2010-жылы 50гө жакын адамды камаган. Биз деле ошондой жолго барсак болот. Бирок мен андай жолду тандаган жокмун. Бардыгына айтып, элге жарыялап жатам. Камай берип, түрмөнү толтургандан пайда жок. Биринчиден биз түрмөнү толтуруп, жарандарыбызга зыян келтирип жатабыз. Экинчиден мамлекеттен аларды миллиондогон акча каражат менен багып жатабыз. Миллиондогон акча каражат кетип жатпайбы. Бул мамлекеттин акчасы деп айтууга дагы болбойт. Бул элдин акчасы. Ошон үчүн камаштын кереги жок жана камабайм. Демократия өлкөсү дегенден кийин аны улап кетишибиз керек. Бирок ушул бакырып-кыйкырып жаткандарга айтат элем. Факты, далил менен айтса жакшы болот эле. Бирөөнү каралап кыйкыра бергенден эч пайда жок”, – деп жооп берди Садыр Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: