“Маңдай-тескей отуруп Текебаев менен 4 жолу сүйлөштүк. Эки жолу биздин демилге менен жолуктук, андан кийин 2 жолу өзү суранып келди. Кабинетиме чейин келди, үйүнөн дагы жолуктук”, – деп билдирди КР Президенттигине талапкер Садыр Жапаров түндө жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип жатып.
“Конституциянын долбоору 2010-жылдан бери келе жатат деп баарын айтып бердим. Өзгөртүүлөрдү киргизип, сунушуңузду бериңиз деп айттым. Ал “макул” деп татынакай сүйлөшүп чыгып эле, анан эртеси эле тескери сүйлөй берет экен. Микрафонго жеткенде от алып кетеби, же эмне экенин билбей койдум. Биз бардык саясий күчтөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабы. Бир гана акыркы бир айда Адахан Мадумаров менен жолуга элекпиз” – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ