Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги болуп милициянын подполковниги Мусаев Алтынбек Бакытбекович дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Ал 1980-жылы Сузак районунда туулган. 2002-жылы КРнын ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясын аяктап, ички иштер органдарында оперативдик кызматтарда иштеген.
Алтынбек Мусаев буга чейин Ноокен РИИБдин начальнигинин орун басары болуп эмгектенип келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ