КРнын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, республика боюнча 23-ноябрдан 24-ноябрга чейин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 147 кылмыш, 114 жоруктар каттоого алынган.
“Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ички иштер органдары тарабынан кылмыштарды аныктоо, бетин ачуу жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда. Республика аймагында укук бузууларды алдын алуу жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө”,- деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ