Menu

Жалал-Абад облусунда 400 миң сом уурдаганга шектелген жарандар кармалды

Бөлүшүү:

Милиция уурулук менен алектенген кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-ноябрдан 13-ноябрга караган түнү белгисиз кылмышкерлер Сузак районунун айылдарынын бириндеги дүкөндүн арткы эшигин сындырып киришип, кассадагы 300 000 сом акчасын, 100 000 сомдук товарын жана сыртта турган “Дэу-Лабо” үлгүсүндөгү автоунаасынын ичинен документтери менен кошо 10 000 сом акчасын уурдап кетишкендигин үй ээси милицияга билдирип, белгисиз кылмышкерлерди таап, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Жабырлануучу жалпы 410 000 сомдук материалдык зыян тарткандыгын билдирген.

Аталган факты Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Бул окуянын бетин ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектелип Ош облусунун 4 тургуну кармалып, тергөөгө камсыздалган. Алар: 1997-ж.т. Г.А., П.М., К.У. жана 1999 ж.т. А.Э. болгон.

Белгилей кетүүчү жагдай, үстүбүздөгү жылдын август айында Ош шаардык соту тарабынан Ош шаарынын тургуну 1999-ж.т. А.Э.нин үстүнөн издөө жарыяланган.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1997-ж.т. К.У. 1999-ж.т. А.Э. карата шектүү тууралуу кабарлама берилип, Сузак райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, аталган шектүүлөр 2 айга УКЖга киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: