Menu

Президенттикке талапкерлердин тобу Садыр Жапаров тарабынан мыйзам бузуулар болуп жаткандыгын билдиришти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-ноябрда “Реформа” партиясынын лидери, президенттикке талапкер Клара Сооронкулова “24.kg” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдиргендей, бүгүнкү күндө мыйзам алдындагы теңдик принциби одоно бузулуп жатат жана кезексиз президенттик шайлоо кезектеги ыплас жана абийирсиз өнөктүккө айланып кетиши мүмкүн.

Анын айтымында, Садыр Жапаров мыйзамды одоно бузуп жатат. “Ал бардык аймактарды кыдырып, аянтчаларды үгүттөөчү жай катары колдонгон. Шайлоого катардагы жаран катары барам деп убада берген. Кечээки маегинде бардык саясий чечимдер анын катышуусу менен кабыл алынып жатканы түшүнүктүү болду”, – деди Сооронкулова.

Ошондой эле, Клара Сооронкулова 268 адамдын абактан чыгышы боюнча дагы билдирди.

“Азыртадан эле шайлоонун чынчылдыгы жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү күмөн. Кечээки маектешүү дагы бир себептерден улам кооптонууну жаратты – кыска мөөнөттө 268 адам абактан чыкты. Коом жазадан ким бошотулганын билүүгө укуктуу, анткени алардын арасында зордуктагандар жана киши өлтүргөндөр бар”, – деди ал.

Аны Садык Шер-Нияз колдоду. Ал кошумчалагандай, кечээ берген маегинде Садыр Жапаров өзүнүн оппоненттери жөнүндө өтө сыйлабастык менен сүйлөдү жана муну мүмкүн болгон куугунтук катары баалоого болот.

Өз кезегинде маалымат жыйындын дагы бир катышуучусу Каныбек Иманалиев Садыр Жапаров президент болуп калса, өлкө тарыхтагы эң сабатсыз өлкө башчыны алат деди. “Ал Дене тарбия институтун да бүтүргөн эмес” – деди Каныбек Иманалиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: