Menu

Атабек, Атахан жана Атабий: 3 эм төрөгөн 20 жаштагы келин төрөт үйүнөн чыкты

Бөлүшүү:

Бишкекте ноябрдын ортосунда үч эм төрөлгөн. 20 жаштагы келин төрөттүн башталышына байланыштуу кош бойлуулуктун 35-жумасында төрөт үйүнө түшкөн. Ал дароо операцияга жеткирилип, эркек балдарды төрөгөн.

Бүгүн, 24-ноябрда үч эм жана алардын энеси төрөт үйүнөн чыгышты. “Үч эм төрөлө тургандыгын бешинчи айында билдик. Баарыбызга жаңылык болду. Биз кубандык. Аларга Атабек, Атахан жана Атабий деген ысымдарды ыйгардык. Кызыбыз бар, эми биз үч уулдун ата-энеси болдук”, – деп билдирди эркек балдардын бактылуу энеси Кылымкан Нурбек кызы.

Шаардык перинаталдык борбордун башкы дарыгери Жамиля Марипованын айтымында, төрөттөгү аялдын кан басымы көтөрүлүп кеткендиктен, аны шашылыш түрдө операцияга алып келишкен. Бүгүнкү күндө эне менен балдардын абалы туруктуу.

Эскерте кетсек, буга чейин 29-октябрда Бишкекте 3 эм төрөлгөн. Аларга Садыр, Жапар жана Нургожо деген ысым ыйгарылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: