Menu

Курсан Асановдун мурунку жубайы Динара Үсөнканова суракка чакырылды

Бөлүшүү:

Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун мурунку жубайы Финполго суракка чакырылды. Бул тууралуу адвокат Таалайгүл Токтакунова журналисттерге билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Динара Үсөнканованы эмне үчүн чакырып жатышканын билбейт.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, ал күбө катары чакырылган.

Белгилей кетсек, буга чейин Динара Үсөнканова салык төлөөдөн баш тартуу боюнча кылмыш ишинде аты аталган. Ал Аскер прокуратурасына суракка бир нече жолу чакырылган.

Анын мурунку күйөөсү Курсан Асанов Кой-Таш айылындагы окуялардан кийин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы, ошондой эле парламенттик шайлоодон кийин массалык баш аламандык уюштуруу фактысы боюнча айыпталууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: