Адвокат Шердор Абдыкапаров өгөй атасы тарабынан алты жаштагы баласы сабалган аялдын кызыкчылыгын коргоодон баш тартты. Бул тууралуу ал өзү журналисттерге билдирди.
“Мен расмий түрдө анын кызыкчылыгын коргоодон баш тартам. Себеби ал көрсөтмөсүн күйөөсүнүн пайдасына өзгөртөт. Мен бул желмогуздун жазаланышын каалайм. Көптөгөн үй-бүлөлөрдө балага карата зордук-зомбулук болуп жатат. Муну унчукпай коюуга болбойт. Сокулук РИИБи арыз 18-ноябрда түшкөнүнө карабастан баланын ишин кийинкиге калтырган”, – деди Абдыкапаров.
Ошондой эле, анын айтымында, милиция 22-ноябрда ММКларда жана социалдык тармактарда жарыялангандан кийин гана иштей баштады. Эгерде маалымат каражаттары жана социалдык тармактар болбосо, өгөй атасы тааныштарынын жардамы менен ишти басаңдатып коймок. Ал эми үй-бүлөлүк зордук-зомбулук улана бермек.
Анын айтымында, эми сабалган баланын энеси каршы билдирүү жазгысы келип, көрсөтмөсүн күйөөсүнүн пайдасына өзгөртүп жатат: “Ал эч кандай кол салуу болгон эмес жана мунун баары ойлоп табылган деп айткысы келет”.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ