Menu

Административдик сот Өмүрбек Текебаевди эмне үчүн депутаттык мандаттан ажыратканына түшүндүрмө берди

Бөлүшүү:

Бишкек административдик соту Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча чыгарган чечимине түшүндүрмө берди.

Эскерте кетсек, ушул жылдын октябрь айында Текебаев депутаттык мандат алган. Борбордук шайлоо комиссиясы анын козголгон кылмыш иши кошумча тергөөгө кайтарылгандыгына байланыштуу депутат болуу укугун өткөрүп берүү чечимин кабыл алган. Андан кийин Темирлан Ормуков БШКны сотко берген. Доогердин айтымында, шайлоо комиссиясы Текебаевге мандатты кайтарып берүүгө укугу жок болчу, анткени ал айыпталуучу статусуна ээ.

Кечээ, 23-ноябрда Административдик сот Текебаевге мандатын кайтарып берүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгарган токтомун жараксыз деп тапкан.

Соттун чечимин Текебаев өзү саясий буйрук деп атады.

Административдик сот БШК аталган токтомду кабыл алганда “Шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын ченемдери бузулган деп эсептейт.

Комиссия 2017-жылы соттун Текебаевге карата чыгарган өкүмүнө байланыштуу анын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, мандаты саясий партиялардын тизмесиндеги кийинки талапкерге өткөрүлүп берилгендигин белгилейт. Соттун 2019-жылы Текебаевге чыгарган өкүмү Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан жокко чыгарылып, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш жаңы кароого жөнөтүлгөндүктөн, БШК мандатын Текебаевге кайтарып берген.

Ошондой эле Өмүрбек Текебаев мандат алышы үчүн Жогорку Кеңештин бир депутаты кызматын тапшырганы кошумчаланган.

“Бирок “КРнын президентин жана Жогорку Кеңешти шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 65-беренесинин 3-бөлүгүндө депутат мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетсе, анын ордуна партиянын кийинки тизмесиндеги адам мандат алышы керек. Текебаев кийинки орун басар болбогондуктан, ошол эле тизмеде көрсөтүлгөн мыйзам ченеми бузулуп, натыйжада БШКнын чечими сот тарабынан жокко чыгарылган. Ошентип, сот чечими аталган конституциялык Мыйзамдын талаптарынын негизинде чыгарылды”, – деп айтылат маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: