“2010-жылдагы кандуу Ош окуялары боюнча ал кездеги президент (Роза Отунбаева) жана генпрокурор (Байтемир Ибраев – ред.) жоопко тартылыш керек”, – деп билдирди түндө жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде КР Президенттигине талапкер Садыр Жапаров.
“Ал учурда Улуттук коопсуздук кызматы күн сайын КР Президенти менен генпрокуроруна Ошто кан төгүлүү чыга турганын эскертип айтып турушкан. Бирок президент менен генпрокурор бул маалыматка көңүл буруп, анын алдын-алуу үчүн чара көрүшкөн эмес. Натыйжада кан төгүлдү, канчалаган бейкүнөө адамдар өлтүрүлдү. Ошондуктан өз милдеттерине кош көңүл мамиле жасаган ал кездеги президент менен генпрокурор жоопко тартылыш керек”, – деди Садыр Жапаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ