Menu

Жапаров референдумда башкаруу системасын тандоону сунуш кылды

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкерлигин коюш үчүн убактылуу кызматын тапшырган премьер-министр Садыр Жапаров 10-январда өтчү президенттик шайлоо менен бирге Кыргызстандын башкаруу системасын тандоо боюнча референдум өткөрүүнү сунуш кылды.

Бул тууралуу Жапаров 23-ноябрда «Жетинчи каналдагы» маегинде билдирди. Ал 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарылган Конституциянын долбоорун «10 жылдан бери талкууланып келе жаткан документ» деп атады.

С.Жапаровдун айтымында, коомдогу талкуулардан соң Конституциялык кеңешме түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

«Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө бул долбоорду зордоп, «бүгүн-эртең кабыл ал» деп жаткан эч ким жок, элдин талкуусуна койгула деп айтар элем. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келбесе, түшкөн сунуштарды кабыл алыш керек. Ошол эле Текебаев, Отунбаевалар көчөдө «сайрабай», ошол жакка барып сунуштарын беришсин. Мен парламентке башка сунушту айтар элем. Жогорку Кеңешке, былтыр болсо керек эле, Курманкул Зулушев деген депутатыбыз «Парламенттик башкарууну каалайсыңбы же президенттик башкарууну каалайсыңбы?» деген суроону референдумга чыгарууну сунуш кылган. Мен ошол мыйзам долбоорун депутаттар алып чыгып, президенттик шайлоодо элдин алдында койсо деп суранат элем», – деп С.Жапаров билдирди.

Садыр Жапаров «референдумда экинчи маселе катары парламенттин түзүмү боюнча суроону кошуу зарыл, мындан соң Баш мыйзамды кабыл алса болот» деп кошумчалады

Ал 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамды «хандык башкарууга жол ачкан» укуктук механизм катары сынга алды.

17-ноябрда Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлган. Аны референдумга чыгарыш үчүн коомдук талкууга коюу тууралуу мыйзам долбооруна 80 депутат демилгечи экени расмий жарыяланды. Кийин ал депутаттардын айрымдары демилгечи болуудан баш тартканын билдирип, Баш мыйзамдын долбоорун өздөрү жазбаганын, аны көрбөгөнүн, ага автор эмес экенин айтып чыгышты.

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен 80ден ашуун окумуштуу жана коомдук ишмерлерден турган Конституциялык кеңешме түзүлдү. Ал кеңешмеге Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо жана парламентке сунуш киргизүү милдети жүктөлдү. Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев анын иши 15-20 күнгө созуларын айткан.

Жаңы Конституциянын тарапкерлери, эгер алардын варианты кабыл алынса, анда Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын, буга курултай институту да огожо болоорун баса айтышса, ал эми алардын долбоорун сындагандар болсо «бул кадам – өлкөдө президенттин бийлиги дээрлик чектелбей калган авторитардык башкаруунун өзгөчө түрүн орнотууга багытталган» деген кооптонуусун билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: