Menu

БУУ Серикжан Билаш мыйзамсыз кармалган деген чечим чыгарды

Бөлүшүү:

БУУнун жумушчу тобу 2019-жылы мартта Шинжаңдагы казактардын укугун коргогон “Атажурт ыктыярчылары” бирикмесинин жетекчиси, активист Серикжан Билаштын кармалганы жана беш ай үй камагына алынганы мыйзамсыз деген чечим чыгарды.

Бул тууралуу дүйшөмбүдө дүйнө жүзүндөгү абийир туткундарын коргогон америкалык Freedom Now уюму билдирди.

БУУнун жумушчу тобунун аныктамасында Казакстан бийлиги Билашты “пикирин эркин айтуу жана ассоциацияга биригүү укугун ишке ашырганы үчүн” куугунтуктаганы жазылган. Жумушчу топтун пикиринде, ага тагылан “улуттук кастыкты козутуу” беренеси кеңири түшүнүктү камтыйт жана тиешелүү деңгээлде укуктук айкындыкка ээ эмес.

Freedom Now уюмунун кызматкери Адам Ледмат Серикжан Билашты негизсиз кармоо Казакстанда өз оюн эркин билдиргендер куугунтукталарын далилдей турганын айтты. Ал казак бийлигин БУУнун чечимин аткарып, активисттен айыптоолорду алып, куугунтуктоону токтотууга чакырды.

Серикжан Билашка быйыл март айында “улут аралык кастыкты козуткан” деген айып менен кылмыш иши козголгон. Ал кезде жарандык активист Кытайдагы казактардын абалына байланыштуу байма-бай маселе көтөрүп, жыйындарды өткөрүп жүргөн. Билаш өзүн күнөөсүз деп эсептейт.

Казакстанда Билашты биротоло актап, бошотууну талап кылган нааразылык акциялары өтүп жатат.

Шиңжаңда миңдеген адамдар, алардын арасында казактар жана кыргыздар “саясий тарбия берүүчү лагерлерде” кармалып жатканы тууралуу кабар 2017-жылдан тартып белгилүү боло баштаган.

Казак жана кыргыз бийлик өкүлдөрү Кытайдагы улуттук азчылыктар боюнча маселеге кийлигишүүгө укугу жок экенин билдиришкен жана алар “кытай жарандары болуп саналарын” айтышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: