Menu

Бекешов тышкы карыздан кутулуу үчүн өлкөгө 100 миң доллар инвестиция салган чет өлкөлүктөргө жарандык берүүнү сунуштоодо

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев тышкы карызды төлөө үчүн инвестиция жасагандарга Кыргызстандын жарандыгын берүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү демилгелеген мыйзам долбоорунун негиздемесинде айтылат.

Ага ылайык, Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн ачылган атайын эсепке 100 миң доллар өлчөмүндө акча которгон чет өлкөлүк жарандарга кыргыз жарандыгын жеңилдетилген тартипте берүү сунушталууда.

Бекешев эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстан инвестициянын өтөлгөсүнө жарандык берген Борбор Азиядагы алгачкы өлкө болуп калат деп эсептейт.

Документте атайын эсепке 50 000-жаран акча которгондон кийин мыйзамдын иштөө мөөнөтү токтотулары белгиленген. Депутаттын пикиринде, мындай жол менен 5 млрд доллар топтоп, тышкы карыздан кутулса болот.

4-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров Кытайга болгон мамлекеттик карызды төлөө үчүн акча чогултуу боюнча атайын эсеп ачылганын билдирген. Өлкөдө тышкы карызды жабуу үчүн акча чогултуу боюнча улутту компания жарыялоо сунушу биринчи жолу жаңырып жаткан жок. Мындай чараны 2018-жылы ал кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаса, 2007-жылы Алмазбек Атамбаев да ушул сыяктуу эсеп ачкан.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча 30-июлга карата Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд 169,6 млн АКШ долларын түздү. Анын ичинен 1 млрд 776,29 млн доллар Кытайдын “Эксимбанкынан” алынган насыя.

https://www.currenttime.tv/a/29459584.html

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: