Menu

The Insider: Кабаева бир жылда медиада 785 миллион рубль тапкан

Бөлүшүү:

Көркөм гимнастика боюнча Олимпиада чемпиону Алина Кабаева бир жылда «Улуттук медиа тобундагы» иши үчүн 785 миллион 400 миң рубль, башкача айтканда айына 65 416 700 рубль тапкан.

Бул тууралуу The Insider басылмасы билдирди.

Журналисттер бул маалыматты Федералдык салык кызматынын базасынан тастыктаганга мүмкүн болгонун ырасташууда. Базада «Улуттук медиа тобунун» директорлор кеңешинин төрайымы болгон спортчунун 2018-жылдагы кирешеси көрсөтүлгөн. Кабаева башка жылдары деле ушундай өлчөмдө киреше тапканы же таппаганы белгисиз.

Кабаева «Улуттук медиа тобунун» директорлор кеңешин 2014-жылдан бери жетектеп келет. Холдинг федералдык Бешинчи каналга, РЕН ТВ каналына, «Спорт-экспресс», «Известия» гезиттерине жана СТС-медиа менен Биринчи каналдын үлүштөрүнө ээлик кылат. Быйыл октябрдан бери Netflix онлайн-кинотеатрынын орусиялык өнөктөшү болду.

2019-жылы ноябрда «Ачык медиа» басылмасы Алина Кабаеванын үй-бүлөсүнө таандык кыймылсыз мүлктүн жалпы баасын 1 миллиард 250 миллион рублга баалаган. Алина Кабаева акыркы декларациясын 2013-жылы, Мамлекеттик думанын депутаты болуп турганда тапшырган. Анда анын көрсөтүлгөн кирешеси 11 миллион рублге жакын болчу. «Улуттук медиа тобу» жылдык отчетторун жарыялабайт жана холдинг The Insider баслмасынын макаласына комментарий берген жок.

2008-жылы «Московский корреспондент» гезити Орусиянын президенти Владимир Путин жубайы менен ажырашып, Алина Кабаевага үйлөнгөнү жатканын жазган. Бул макала жарыялангандан кийин басылма дароо ишин токтотуп, көп өтпөй жабылып калган.

Андан бери Путин менен Кабаева үч балалуу болгону айтылып жүрөт. Бирок алар бул маалыматты ырастай элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: