Menu

Дастан Бекешев: “Пара алуу фактысы боюнча кармалган Курманбек Дыйканбаев “Биримдик” партиясынын мүчөсү болгон”

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-ноябрда парламенттин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Телеграм каналында президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан камакка алынгандыгы жөнүндө маалыматка өзүнүн пикирин билдирди.

Анын айтымында, Курманбек Дыйканбаев экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен байланышы бар деп эсептелген “Биримдик” партиясынын мүчөсү болгон.

Дастан Бекешев мамлекет башчынын ЖКдагы ыйгарым укуктуу өкүлү абдан такыба адам болгонун, ал күнүнө беш маал намаз окугандыгын айтты.

“Ошол эле учурда Курманбек Дыйканбаев президенттин атынан же өз алдынча, депутаттарды тигил же бул мыйзам долбооруна макул же каршы добуш берүүгө үндөгөн. Бирок мага саясаттын эч кандай тиешеси жоктой сезилет. Дыйканбаев ар кандай тапшырмаларды аткарган. Жакында ал Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүү демилгеси боюнча кол топтоп жүргөн”, – деди Дастан Бекешев.

Белгилей кетсек, кечээ күнү 7 млн сом пара алуу фактысы боюнча Президенттин ЖКдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев камакка алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: