Бүгүн, 25-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 378 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 80, Ош шаарынан – 11, Чүй облусунан – 111, Ош облусунан – 45, Талас облусунан – 11, Ысык-Көл облусунан – 28, Жалал-Абад облусунан – 54, Баткен облусунан – 28, Нарын облусунан – 28 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 70 744 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 455 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 62 048ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 111, Ош шаарынан – 13, Чүй облусунан – 68, Ош облусунан – 53, Ысык-Көл облусунан – 63, Жалал-Абад облусунан – 56, Баткен облусунан – 46, Нарын облусунан – 13, Талас облусунан – 32.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 4 адам: Бишкек шаарынан – 2, Талас облусунан -1, Баткен облусунан – 1. Жалпы саны 1245ке жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ