Бишкектеги кинотеатрлар 1-декабрдан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу журналисттерге Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
Анын айтымында, бардык чектөөлөр алынып салынууда, бирок мектептер жана бала бакчалар дагы деле онлайн режиминде иштешет.
“Иш-аракеттердин башка түрлөрүнө, анын ичинде кинотеатрларга чектөөлөр алынып салынат. Ошондой эле фуд-корттор дагы иштей баштайт. Азыр биз өкмөттүн токтомун өзгөртүп жатабыз. Супермаркеттер дагы кадимкидей иштей башташат, убакыт чектелбейт. Тойканалар жана ресторандар үчүн өзүнчө алгоритм иштелип чыккан”, – деди Түлөбаев.
Эске салсак, ушул жылдын март айынын аягынан бери коронавирус пандемиясынын кесепетинен кинотеатрлар менен театрлардын, соода борборлорунун жана балдар аянтчаларынын иши токтотулган. Убакыттын өтүшү менен айрым чектөөлөр алынып салынды, бирок кинотеатрлардын ишине тыюу салынган бойдон калды. Кинотеатрлардын ээлери шаар мэриясына жана республикалык штабга алардын иштешине уруксат берүү өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ