Menu

Кой-Таштагы окуялар боюнча иш Алмазбек Атамбаевдин башка кылмыш иши менен бириктирилди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча сот отурум уланууда.

Отурумдун жүрүшүндө судья Азирет Медеров бир нече кылмыш иштерин бириктирүү боюнча чечим чыгаргандыгын айтты. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев судья бул иштерди бириктирүүгө укугу жок деп жооп берди.

«Эртең менен мага телефон чалышып, эки кылмыш ишин бириктирдик деп айтышты. Сотто Кой-Таштагы окуялар боюнча соттун катышуучуларын көрдүм. Катышуучуларга билдирүү жөнөтүшү керек болчу, биз иштерди бириктирүү боюнча токтом менен таанышкан жокпуз», – деди Сергей Слесарев.

Айыпталуучулар дагы иштердин биригишине каршы чыгышты. Фарид Ниязовдун айтымында, Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча козголгон кылмыш ишинин башкаларга эч кандай тиешеси жок. Бирок судья чечим буга чейин кабыл алынган деп жооп берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: