Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 24-ноябрда болжол менен саат 18:23 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Рыскулов жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинен уюлдук телефон тоноп кетти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1987-жылы туулган П. А. аттуу аял арыз менен кайрылган.
Анда ошол эле күнү болжол менен саат 18:10 чамасында белгисиз жаран арыз ээсин уруп, ачык түрдө баасы 11 500 сомдук чөнтөк телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткен.
Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары Чүй жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде качып бара жаткан жеринен 1969- жылы туулган М. Т. аттуу жаранды кармашып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Бул факты Ленин райондук ИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 201-берененин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ