Талас облустук бириккен ооруканасын реконструкциялоо жана капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча аткарылган иштердин баасын ашыкча баалоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу 25-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, жеке ишкананын жетекчиси Д.А. Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн адиси Ч.К. аткарылган иштин баасын негизсиз көтөрүп жиберген. Натыйжада, материалдык чыгым 900 миң сомдон ашык сумманы түздү.
Бул факт боюнча, сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-бөлүмүнүн 2-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча катталды.
Учурда Д.А. Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми Ч.К. кылмышка шектүү экендиги жөнүндө билдирүү берилген жана анын оорусуна байланыштуу милицияга келүүгө милдеттенме алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ