Бүгүн, 25-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “КРнын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамга, Турак жай кодексине, Жер кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Конушбаев Т.К., Чойбеков Р.Н., Кыдыралиев У.Т., Алимбеков Н.К., Тотонов Н.Т., Баймуратов К.Ш., Ормонов У.З., Жутанов А.Т.
Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Тынчтыкбек Конушбаев: “Мыйзам долбоору аркылуу курулуш чөйрөсүндөгү эки маселени чечүү сунушталууда. Алардын биринчиси документтердин мамлекеттик органдарда узак мөөнөттө каралуусун чечүү максатында курулуш менен чогу ага тиешелүү документтерди айкалыштырып жүргүзүү. Экинчиси курулуш жүрүп жаткан жер тилкесине карата талаш-тартыштар жаралган учурда ага сотко берилген доонун наркын теңдеш баада камакка алуу жана ошондой эле теңдеш баага күрөө коюу укуктарын берүү. Мында күрөөгө коюлган мүлктү баалоо көз карандысыз баалоочуларын тарабынан ишке ашырылат”, – деди.
Мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ