Menu

Видео – Садыр Жапаров: “Мегаком” 100% Максим Бакиевге (Елисеевге) тиешелүү болгон, бирок Убактылуу өкмөт 49%ын мамлекетке алып, 51%ын жең ичинен сатканы жатат”

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров 23-ноябрда 7-каналга берген маегинде Мегаком компаниясы сатылайын дегенде чырылдап жүрүп сактап калганын айтты.

Сиздердин назарыңыздарга Садыр Жапаров депутат болуп турган кезде (2013-ж.) Мегакомду толугу менен мамлекетке өтүшү үчүн жасаган аракеттеринин, сүйлөгөн сөздөрүнүн видеотасмасын сунуштайбыз.

“Мегаком 2003-жылдан 2006-жылга чейин Айдар Акаевдин менчигинде болгон. 2006-жылы Максим (Бакиев) менен Айдар (Акаев) Москвадан жолугушуп, Мегакомдун 51% Айдар алып калып, калган 49%ын Максим алат. 2008-жылга чейин экөө бөлүшүп иштеп келген. 2008-жылы Максим бүт бийликти колуна алгандан кийин 100% өзүнө каттап алган. 10 чакты күндүн ичинде фирманы, кожоюнды өзгөртүш үчүн Елисеевдин фирмасына каттаган. Ошол эле жылы “Эрмен Тоо” деп каттаган. 2009-жылдын 4-июнунан баштап бүгүнкү күнгө чейин (2013-ж) Елисеевдин карамагында турат” – деп айткан Садыр Жапаров.

“Мегаком боюнча 4 ай изилдеп, андан кийин президент Роза Исаковнага жолуктум. Ал кагаздарды алып калып, кабарлашам деди. 3 күндөн кийин кабылдамасынан чалып, президент менен байланыштырышты. Президент “сиздин кагазыңыз Эмилбек Каптагаевде ошол менен иштешиңизчи” деди. Бир сааттан кийин Каптагаевдин кабылдамасынан чалышып, “канчада келесиз” дешти. Мен 2де барам дедим, себеби, саат 13:00дөн 14:00гө чейин Алмаз Шаршенович менен жолугушуум бар эле. Ал киши менин демилгемди колдоду. Саат 2де Каптагаев менен келдим, экөөбүздүн жолугушуубуз 10-15 мүнөткө уланды. Мен түшүндүрүп баштаганда эле, “51%ын Максим Бакиев рейдерлик кылган да” деди. Бул деген кайра кожоюнуна кайтарып бериш керек деген сөз. Мен ал менен талашып-тартышпай, чыгып кеттим” – деди ал.

Ал бул ишке тиешелүү сотторго жолугуп, мыйзам чегинде мамлекеттин үлүшүнө окөрүү керектигин айтканын белгиледи.

“Ал эми Каптагаевдин позициясы өзгөргөн жок. Ал чет элдик компаниянын адвокаты болуп алып, сотторго кысым көрсөтүп, керектүү чечим чыгарууга умтулууда. Судьялар муну ачык эле билдиришти” – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: