2020-жылдын 24-ноябрында саат 16: 37де Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө ооруканага бара жаткан аял бычактан жаракат алып каза болду деген билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган факты Аламүдүн РИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси “Адам өлтүрүү” боюнча катталган.
Бул кылмышка шектүү делип, Чүй облусунун 41 жаштагы З.В. аттуу тургуну кармалды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, адам өлтүрүү кечеде мас абалындагы чырдан улам болгон. З.В ашкана бычагын алып, ооруканага жетпей каза болгон жубайы 33 жаштагы Б.Л.ны сайган.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки процесстер уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ