Menu

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков: Инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу кошумча жумуш орундарын түзүүнү шарттайт

Бөлүшүү:

Инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу кошумча жумуш орундарын түзүүнү шарттайт. Бул тууралуу КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «КРнын 2020-жылга карата республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору жана «КРнын 2021-жылга карата республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзам долбоору каралып жаткан КРнын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдиргенин бүгүн, 25-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«2021-жылдын башында суммасы 142 млн АКШ долларына эсептелген 6 ири инвестициялык долбоорду баштоону пландап жатабыз. Алар ийгиликтүү жүзөгө ашса, 2380 жаңы жумуш оруну түзүлөт. Бул долбоорлордун катарында – Талас облусундагы алтын казуучу ишкананын ишке киргизилиши турат. «Альянс-Алтын» компаниясы быйыл өндүрүштү ишке киргизүүнү пландаштырган. Бирок акыркы окуяларга байланыштуу пландар өзгөрүлүп, ишке киргизүүнү 2021-жылга жылдырууга туура келди. Аталган ишкананын толук кандуу ишке кириши менен 1000 жаңы жумуш орду түзүлөт», – деп белгиледи Артем Новиков.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун  линиясы боюнча – 100 млн АКШ долларлык, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк линиясы боюнча долбоорлор да ишке берүү алдында турат.

Буга катар премьер-министрдин м.а. белгилегендей, учурда жергиликтүү ири бизнес өкүлдөрү менен ички жана тышкы инвестицияларды биргелешип тартуу боюнча иштер активдүү жүрүүдө.

«Алдыга коюлган пландарды ийгиликтүү ишке ашырууда эмгек рыногунда оңдуу көрсөткүчтөр жаралып, өлкөдөгү жумушсуздук жана жумушчу күчүнүн агылып кетүү көйгөйү чечилет», – деди Артем Новиков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: