Menu

Сокулук районунда алты жаштагы баланын сабалышын Башкы прокуратура өз көзөмөлүнө алды

Бөлүшүү:

Сокулук районунда алты жаштагы баланын сабалышын Башкы прокуратура өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баланын ден-соолугуна келтирилген зыяндын деңгээлин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды, ошондой эле иштин бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

“Кылмыш жасалган учурдан тартып ички иштер органдарынын тийиштүү кызмат адамдары КРнын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузушуп жабырлануучу балага (мыйзамдуу өкүлүнө) убактылуу коргоо ордерин тапшырышкан эмес. Убактылуу коргоо ордери милдеттүү тартипте, үй-бүлөлүк зомбулук жасоо фактысы белгиленген учурдан тартып 24 сааттын ичинде берилет деп мыйзамда так жазылган.

Белгилей кетүүчү жагдай, үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү бийлик органдарынан жана башка жактардан укуктук, социалдык, медициналык, психологиялык жана башка коргоолорду алууга укуктуу”, – деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө 33 жаштагы жолдошуна чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Аялдын айтымында, анын күйөөсү 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү болжол менен түнкү саат 00:00 чамасында, үйүндө болуп, 2014-жылы туулган жашы жете элек уулуна себепсиз денесине залал келтирген. Бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө 75-берене боюнча катталган. Андан ары, иштин материалдары аймактык жактан Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш башталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: