Menu

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов: Административдик ресурсту пайдаланууга жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө басым жасоого жол берилбеши керек

Бөлүшүү:

Административдик ресурсту пайдаланууга жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө басым жасоого жол берилбеши керек. Бул туурасында КРнын вице-премьер-министри Максат Мамытканов КРнын президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун уюштуруу боюнча Республикалык штабдын Ош жана Жалал-Абад облустарында өткөн көчмө жыйынында билдиргенин бүгүн, 25-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Белгилесек, КРнын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык, Максат Мамытканов КРнын президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун уюштуруу боюнча Республикалык штабдын төрагасы болуп дайындалган. Штабдын теңтөрайымы КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова болуп саналат.

Кеңешменин жүрүшүндө вице-премьер-министр Максат Мамытканов белгилегендей, КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте иш алып баруу чечими КРнын президентин шайлоо жүрүшүндө добуш берүүнүн ачык-айкындыгын камсыздоо иретинде кабыл алынган.

«Алдыдагы шайлоо максималдуу түрдө таза жана ачык-айкын өтүшү керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Аткаруу бийлигинин бардык бутактарынын күч-аракеттерин бириктирүү керек, анткени ар бир жарандын шайлоо укуктарын ишке ашыруу бизден көз каранды», – деп белгиледи вице-премьер-министр.

Ал ошондой эле эгерде кандайдыр бир мыйзам бузуу болсо укук коргоо органдары токтоосуз аракеттерди көрүүсү шарт экенин кошумчалады.

«Шайлоо тилкелеринде жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу керек. «Административдик ресурстарды» колдонууга, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө кысым көрсөтүүгө жол берилбейт. Мындай аракеттерге бөгөт коюлат», – деп белгиледи Максат Мамытканов.

Андан соң вице-премьер-министр КРнын Өкмөтүнүн Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн КРнын президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун өткөрүүгө карата даярдык көрүүсү жана аны өткөрүү боюнча маалыматын угуп, коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн бардык санитардык нормаларды сактоо маанилүү экенин белгиледи.

Соңунда вице-премьер-министр КРнын президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун уюштуруу боюнча бекитилген пландын алкагында бир катар тапшырмаларды берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: