Казакстандын энергетика министри Нурлан Ногаев өлкөнүн алты облусунда, ошондой эле Алматы жана Шымкент шаарларында электр энергиясынын күтүүсүздөн өчүп калгандыгы боюнча түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, 500 киловаттык электр линияларынын автоматтык түрдө өчүшүнө Борбор Азиядагы бирдиктүү электр шакекчесиндеги кубаттуулуктун азайышы себеп болгон. Аймактагы бул энергетикалык система Советтер Союзунун тушунда түзүлүп, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан жалпы кубаттуулуктагы электр энергиясын пайдаланып келишкен. Бирок СССР тарагандан кийин коңшулар ортосунда жаралган пикир келишпестиктен улам ал мурдагы маанисин жоготкон.
«Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы энергосистемада баланс бузулган. Биздин адискөй энергетиктер 17 мүнөттүн ичинде мүчүлүштүктөрдү жоё алды. Бирок эртеси ошол эле облустарда электр жарыгы кайра эки саатка өчүп калды. Буга алгачкы жолку электр жарыгынын өчүүсү электр энергиясын транспорттогон техникалык бөлүктөргө терс таасирин тийгизгендиги себеп болушу мүмкүн. Бирдиктүү шакекчеге өзбек тараптан электр энергиясы келбей калган», — деди Ногаев.
17-ноябрда Жамбыл, Алматы, Чыгыш Казакстан, Түркстан, Караганда жана Кызылордо облустарында, ошондой эле Алматы жана Шымкент шаарларында электр энергиясы жапырт өчүп калган. Жарык жок райондордо жол чырактар иштебей, автоунаалардын тыгыны жаралган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ