Menu

Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадонанын өлүмүнүн чоо-жайы белгилүү болду

Бөлүшүү:

Кечээ, 25-ноябрда Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона инфаркттан улам жүрөгү токтоп калган.

Аргентинанын TN телеканалы дүйнөдөн кайткан белгилүү футболчу Диего Марадонанын акыркы күнүн кандай өткөргөнүн айтып берет. Ал өлөр алдында “өзүмдү жаман сезип жатам” деп айткан.

60 жаштагы Диего Марадона Буэнос-Айрес провинциясынын кичинекей Тигре шаарында дүйнөдөн кайтты. Ал жерде мээсине жасалган операциядан кийин реабилитациядан өткөн. Марадона өзүнүн жээни, психолог, психиатр жана медайым Джонни Эспозитонун жанында болгон.

Эрте мененки тамак учурунда футболчу өзүн жаман сезип, бөлмөсүнө барып жаткан. Дарыгерлер Марадонанын аябай кубарып кеткенин байкап, дароо тез жардам кызматын чакырышкан. Ал окуя болгон жерге бир нече мүнөттөн кийин келген, бирок ушул убакка чейин Марадона жүрөгү токтоп калган. Жандандыруу чараларын көрүү аракеттеринен майнап чыккан эмес. 

Ноябрдын башында 1986-жылы ФИФАнын дүйнөлүк чемпионуна субдуралдык гематомага байланыштуу операция жасалган. Марадона бир катар текшерүүлөр үчүн Ла-Платадагы ооруканага жаткырылган, натыйжада футболчу мээ томографиясынан өткөн.

Марадонаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты президенттик Casa Rosada сарайында өтөт. Адатта сарайда көзү өткөн президенттер менен гана коштошушат. Бирок, Марадона үчүн өзгөчө жагдай жасалган. Акыркы жолу он жыл мурун ак сарайда коштошуу болгон, анда өлкөнүн мурунку президенти Нестор Киршнер көз жумган.

Легенда менен коштошууга миллионго жакын адам келет деп күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Марадона мамлекеттин бүткүл тарыхындагы эң белгилүү үч аргентиналыктардын бири. Бул тизмеде ал өлкөнүн мурунку биринчи айымы Эва Перон менен белгилүү музыкант Карлос Гарделдин жанында турат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: