Menu

Сот жана милиция кримавторитет Женгодон коркушабы? Соттун өкүмү дээрлик үч жылдан бери аткарылбай келет

Бөлүшүү:

Ош шаарынын 69 жаштагы тургуну Илтичахон Каримова Kaktus.media бсылмасына кайрылып, милиция кызматкерлери менен сот аткаруучуларга аракетсиздигине нааразы болуп, алар Дженго лакап аты менен таанымал кримавторитет Кадыр Досоновго карата соттун өкүмүн аткаруудан баш тартып жатышканын айтты.

Ал шериги менен биргеликте жабырлануучуларга 2 миллион 700 миң сом карыз, бирок эки жылдан ашык убакыттан бери аны бербей келет, сот аткаруучу жана милиция эч кандай чара көргөн эмес.

Анын айтымында, алардын уулу Махамат Фатых Каримов 2000-жылдардын башында Англияга кеткен. Ал жерде иштеп, аларга акча жөнөтө баштаган.

“Баламдын жардамы менен 2007-жылы Ош шаарынан эки батир сатып алып, аларды айына 1000 долларга ижарага бере баштадык. Андан кийин дүкөн жана BMW X5 автоунаасын сатып алдык. Ошол эле 2007-жылы менин кенже уулум Ахатжон шаарда унаа менен жүргөндө бир топ жигиттердин көңүлүн бурду”, – деди Каримова.

Ал бандиттер Ахатжон менен жакындан таанышып, аны Кристалл казиносуна иштөөгө чакыргандыгын, ал жерде көпкө чейин иштебегенин  белгиледи.

«Кийин белгилүү болгондой, алар Ахатжонго карыздарын илип кетиш үчүн атайын чогуу иштөөгө чакырышыптыр. Бир жолу ал жумушуна кетип. ошол бойдон дайыны жок болгон. Биз ага кабатыр болуп издедик, бирок тапкан жокпуз. Түн ичинде Мавлюдаа кызыма белгисиз адамдар телефон чалып, бир тууганы казинодо экенин, ал көп суммада акча карыз экенин айтышкан. Ошол учурда мен ал жөнүндө эч нерсе билген эмесмин “, – деп түшүндүрдү Илтичахон.

Мавлюда казиного барып, ал жерде сабалган Ахатжонду көргөн. Алар андан акча талап кылышкан. Кыз үйүнө кайтып келип, эч кимге айтпастан, үйдөгү акчанын бардыгын алып, кирип келгендерге берип, андан кийин агасы менен казинодон чыгып кеткен.

Суд и милиция боятся кримавторитета Дженго? Приговор суда не исполняется почти три годаСуд и милиция боятся кримавторитета Дженго? Приговор суда не исполняется почти три годаСуд и милиция боятся кримавторитета Дженго? Приговор суда не исполняется почти три года

“Биз ИИМге, УКМКга жана башка инстанцияларга арыз жаздык. Биз дээрлик сегиз жылдан бери соттошуп жүрүп, эптеп ишти жеңип чыктык. Соттун өкүмү менен криминалдык авторитет Досонов жана анын шериги бизге 2 миллион 700 миң сом төлөп бериши керек. Бирок үч жылдан бери биз акыйкаттыкка жете албай жатабыз. Сот аткаруучулар ийиндерин гана куушурушат”, – деп түшүндүрдү аял.

“Сот аткаруучулар: “Кантип Женгого барабыз, анткени ал авторитеттүү адам, андан тышкары, соттун өкүмү боюнча карызды төлөй турган мүлкү жок” деп жатышат.

Бирок бул акча төлөбөй жаткандыктын себеби эмес. Алар ишти милицияга өткөрүп, кылмыш ишин козгоп, соттун өкүмү менен карызын төлөй албай калса, түрмөгө камашы керек болчу. Биз эми эмне кылышыбыз керек билбей калдык. Досоновдон милиция жана соттор коркуп жатышат. Мен чындыгында жогорку органдар реакция кылып, көйгөйдү чечүүгө жардам беришет деп ишенем “, – деди жабырлануучу.

Иште эмнелер көрсөтүлгөн?

Соттун чечиминде, Кадыр Досонов “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун лидери жана анын Кыргызстандын түштүгүндөгү ишенимдүү адамы экени, Көлбаевдин тапшырмасы менен Досонов 2008-жылы “положенец” болуп дайындалган жана ал уюшкан кылмыштуу топтун лидери деп эсептелет.

“Кадыр Досонов 2008-жылдын февраль айында өзүнүн “балдары” Т.Б, Шурик, Руслан жана Улукбек аттуу адамдар менен Ош шаарындагы Бегижан Каримов аттуу жигит жашаган үйгө барып, Бегижан карыз экенин айтып, анын энесин коркутушкан. Андан кийин анын кызы Мавлюда Рахимова аларга ири суммадагы акча жана мүлк берген “, – деп айтылат иш материалдарында.

Досонов баштаган кылмыштуу топ жана жогоруда аталган адамдар Б.Каримовдун коңшусу Бахтияр Сыдыковдон Германиядан жаңы алынып келинген, баасы 20000 доллар турган 1998-жылы чыккан Мерседес-Бенц-280 унаасын тартып алышкан жана 2008-жылы 27-мартта Т.Б. бул автоунааны Кадыр Досоновдун жубайы – Раева Карлыгач Чотбаевнанын атына каттаган.

Мындан тышкары, Досонов өзүнүн уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн жардамы менен 2008-жылдын апрелинин аягында кайрадан Каримовдун үйүнө келип, ал жерден алардын үй-бүлөсүн коркутуп, коңшусу А.Д.нын үйүнүн алдында токтоп турган дагы бир 5500 долларлык  Мерседес-Бенц-200 унаасын алып кетишкен. Ошол эле учурда, алар дагы бир жолу Илтичахон Каримовага жана анын күйөөсүнө унаанын акчасын А.Д.га кайтарып беребиз деген тил кат жазууга мажбурлашат.

Андан кийин Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү (жогоруда аты аталган жигиттер) Каримовдордун үйүнө келип, ошол жерде бир уулун сабап, кайра акча талап кылышкан. Жабырлануучулар өз өмүрлөрүнөн коркуп, Ф.Т. аттуу коңшусунан 2008-жылкы баасы 471000 сом турган Мерседес-Бенц-500 үлгүсүндөгү унаасын алып беришкен. Ушул эле адамдар тобу 2008-жылы май айында Каримовдордун үйүнө келип, 274 миң сом жана 6 миң долларды алышкан.

Тараптардын пикирин угуп, сот Досоновду күнөөлүү деп таап, түрмөгө кесүү жана келтирилген чыгымды төлөп берүү чечимин чыгарды. Бирок, 2018-жылдын 11-июлунан бери Ош шаарынын сот аткаруучулары Кадырбек Акбарович Досонов менен Дастан Хасилович Камиловдон жабырлануучулардын пайдасына 2 миллион 705 миң 650 сом өндүрүп ала албай жатышат.

Булак: Kaktus.media

Кыргызчалаган: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: