Menu

Ноокенде түнкү рейд учурунда 2 уурулуктун бети ачылды

Бөлүшүү:

Ноокенде түнкү рейд учурунда 2 уурулуктун бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү тиешелүү мекеме өкүлдөрү менен биргеликте «Өспүрүм-түн» аталышындагы рейд өткөргөн. Рейддин алкагында өспүрүмдөрдүн түнкү убакыттарда себепсиз коомдук жайларда жүргөн учурлары көзөмөлгө алынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө жашы жете электер тарабынан жасалган 2 уурулук фактысынын бети ачылган. Ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосу жок түнкү убакытта көчөдө жүргөн 10 өспүрүм аныкталып, тиешелүү жумуштар алып барылган.

Мындан сырткары Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жашоо шарты оор абалда болгон 1 жаш өспүрүм аныкталып, топтолгон материалдар Ноокен райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнө жана балдар иши боюнча комиссиясынын кароосуна жөнөтүлгөн.

Ошондой эле рейд учурунда 1963-ж.т. К.Э. аттуу Ноокен районунун тургуну 500 грамм чамасындагы наркотикалык баңгизаты менен кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Мындан сырткары РИИБдин кызматкерлери тарабынан мал уурулуктардын алдын алуу багытында район аймагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Милиция жергиликтүү тургундарды өз малдарын талаага чыгарган учурда да көзөмөлгө алууга чакырып, ар күнү малдарынын санын тактап, түнкү убакыттарда сарайларына көз салып, уурулардан сак болууга үндөшкөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: