Конституциялык жыйында мектеп окуучуларын 11-класска чейин окууга милдеттендирүү сунушталды. Бул тууралуу Каныбек Осмоналиев пленардык жыйында билдирди.
Анын айтымында, негизги жалпы билим берүү милдеттүү деп айтылган 43-беренеге толуктоо киргизүү керек.
“Орто билим милдеттүү экендигин белгилөө керек. Бүгүн көпчүлүк мектеп окуучулары 9-класстан кийин окууну токтотушат. Жогорку билимди милдеттүү түрдө кабыл алган өлкөлөр бар. Эгерде мындай түзөтүү белгиленсе, мамлекет жана ата-энелер балдарга орто билим берүүгө милдеттүү. Бул жаштардын дүйнө таанымын калыптандырууда өтө маанилүү”, – деди Каныбек Осмоналиев.
Эскерте кетсек, 17-ноябрда президенттин пайдасына жаңы ченемдерди киргизген Конституциянын долбоорун коомдук талкууга 80 депутаттан турган топ сунуштаган. Референдумду президенттик шайлоо менен катар 10-январда өткөрүү сунушталууда, бирок буга чейин эксперттер Конституциянын долбоорун даярдоо жана аны кабыл алуу татаал процедура жана алты айга созулушу мүмкүн деп түшүндүрүшкөн.
Ошол эле учурда, депутаттар аны толук изилдебей туруп, кол коюшканын айтып чыгышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ