Menu

Бишкекте ишкердин бизнесин зордук менен тартып алууга аракет кылышкан УКТнын “положенеци” менен “смотрящийи” кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 25-ноябрда УКМК кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрүн кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, өздөрүн “положенец” жана “смотрящий” деген 32 жаштагы Э.Т. жана Э.К. кармалган.

“2020-жылдын сентябрь айында кармалгандар жеке ишкерден Бишкектеги соода-базар комплексиндеги соода түйүнүн өткөрүп берүүнү талап кылышкан. Мындан тышкары, аталган кылмыштуу топтун мүчөлөрү алардын кылмыштуу пландарын жүзөгө ашыруу жана коркутуу үчүн ишкерди Бишкек шаарынын четине алып чыгышкан.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 203-б. (Опузалап талап кылуу) боюнча катталды. Кармалгандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: