Окумуштуулар COVID-19 оорусун коштогон жаңы симптомду табышты. Al Jazeera билдиргендей, бет нервинин нейропатиясы (Белл шал оорусу) жөнүндө сөз болуп жатат.
Mayo Clinic вбет нервинин нейропатиясынын бир белгиси – бет булчуңдарынын алсыздыгы болуп саналат, ал көпчүлүк учурларда убактылуу болуп, беттин жарымы ийилгендей болуп көрүнөт. Бетинин ооруп жаткан жарымында ооздун бурчу төмөндөйт. Анын үстүнө адам бир көзүн жума албайт.
Маалыматтарга караганда, бет нервинин шал оорусу COVID-19 менен ооругандарда көп кездешкен. Ливерпуль университетинин окумуштуулары коронавирус бет нервинин шал оорусунун көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн дешти.
Кытайда 65 жаштагы аял бетинин сол жагын ылдый тартылганын байланыштуу ооруканага түшкөн. Медициналык текшерүүдө бет нервинин перифериялык шал оорусу аныкталган, ошондой эле анын коронавируска чалдыкканы аныкталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ