Menu

ИИМ: КРнын ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-ноябрь күнү КРнын ИИМдин кичи залында КРнын ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага КРнын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы  Ялкун Даутов катышкан.

ИИМдин орун басары Октябрь Урмамбетов, чогулгандар менен учурашып, “Урматтуу ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү, КРнын ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүнү сунуштаганыңар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.  Кеңеш ИИОнун ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелерди  талкуулай турган аянтча болуп саналат жана аны жакшыртуу боюнча сунуштарын киргизишет.
Милициянын башкы милдеттери болуп иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, сиздер менен бирге элдин ишенимин ээлөө эсептелиш керек. Милициянын иши коомчулуктун катуу көзөмөлүндө. ИИМдин Коомдук кеңеши өздөрү менен өлкөнүн жарандарынын кызыкчылыгын жана коопсуздугун түздөн түз алып жүрөт. Милиция ар дайым ачык болуш керек. Бул максатта биз сиздер менен бирге укук коргоо органдарынын тутумун реформалоонун улантышыбыз керек”,-деп баса белгилеген.

ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов кезектеги жыйында карала турган меселелер менен тааныштырган: ИИМдин Финансы-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын иши жөнүндө (Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү, ИИМдин бюджеттик процессин ишке ашыруу, ИИМдин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүндөгү процесстер, ИИМ алып жаткан кредиттерди жана гранттарды натыйжалуу пайдалануу),  ИИМдин Интерпол эл аралык кылмыш полициясынын улуттук бюросунун иши жөнүндө маалыматтар.

Биринчи ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросунун начальниги Н. Сагыналиев өз баяндамасы менен чыгып, анда Интерполдун ишмердүүлүгүндөгү багыттарга, ишинин өзгөчөлүгүнө көңүл бурган.

“Интерпол дүйнөнүн бардык полициялык кызматтарын, агенттиктерин  бириктирген жалгыз укук коргоо уюму болуп саналат. Интерполдун Башкы Катчылыгы Франциянын Лион шаарында жайгашкан. Интерполдун  7 регионалдык кеңсеси-Argentina, Cameroon, Côte d’Ivoire, El Salvador, Kenya, Thailand and Zimbabwe, эки өкүлчүлүгү-Нью Йорктогу БУУда жана Брюсселдеги Европалык союзда бар. Андан сырткары, Сингапурда инновация боюнча Глобалдык комплекси бар. Интерполго мүчө болгон  ар бир өлкөнүн улуттук борбордук бюросу бар. Ал жакта улуттук укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызматын өтөйт.  Башкы Катчылык аркылуу  башка мамлекеттердеги анын регионалдык кеңселери жана укук коргоо органдары бул мамлекеттер менен кызматташкан жалгыз орган болуп саналат”,- деп Нурлан Сагыналиев маалымдаган.

Андан соң, ИИМдин ФЧКББнын башкармалыгынын начальниги Эркинбек Бабаяров чыгып, финансы-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын иши жөнүндө толук маалымат берген.

Бүгүнкү жыйындын соңунда Коомдук кеңештин мүчөлөрү кызыккан суроолорун берип, ИИОнун ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштарын киргизишкен.

Жыйынды жыйынтыктап жатып, КРнын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов бүгүнкү жолугушуу пайдалуу жана жемиштүү болгонун белгилеген. Бардык каалоочулар өздөрүнүн сунуштарын беришип, аткарылган иштер үчүн катышуучуларга ыраазычылыктарын билдиришкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: