Menu

“Борбордук Азия – Корея Республикасы” кызматташтык форуму болуп өттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 25-ноябрда Корея Республикасынын Сеул шаарында “Борбордук Азия – Корея Реуспубликасы” кызматташуусунун 13-форуму болуп өттү. Форумду Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлиги уюштурду. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим  министрлигинин  басма сөз кызматы билдирет.

Форумга Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн жана Кореянын өкүлдөрү катышкан. Алар COVID-19 жана билим берүү, саламаттык сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо тармактарында туруктуу кызматташууну талкуулашкан.

Билим берүү министрлиги Форумга видеоконференция форматында катышкан. Министрлик форумдун катышуучулары менен COVID-19 пандемиясы учурунда Кыргыз Республикасы дистанциондук режимде билим берүүдөгү уникалдуу тажрыйбасы жана жетишкендиктери менен бөлүшкөн.

КР БИМдин Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси М. Ж. Үсөналиев “Дистанциондук билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн окутуу” темасында доклад жасаган. Докладда Кыргызстан 2020-жылы абитуриенттерди ЖОЖдорго толугу менен онлайн кабыл алууну уюштурганы айтылган. Муну менен Кыргызстан региондогу өлкөлөрдөн өзгөчөлөндү. Ошондой эле, аралыктан билим берүү процессинде жаралган суроолорго Министрликтин ыкчам аракеттерди жасаганы белгиленген. Пандемия учурундагы жаңы окуу шарттарына кабылган окуучулар, ата-энелер жана мугалимдерге квалификациялуу адистер тарабынан 24 саат бою психологиялык жардам көрсөтүлүп жаткандыгы маалымдалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: