Menu

Атыр Абдрахматова: “Текебаев мыйзам бузууну саясий куугунтук катары көрсөткүсү келип, калп айтууда”

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын административдик соту Темирлан Ормуковдун Өмүрбек Текебаевге Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынын берилиши боюнча арызын канааттандырды.

Жогорку соттон билдиришкендей, административдик сот Борбордук шайлоо комиссиясынын Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандаттын беришин мыйзамсыз деп тапкан.

Ал эми БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова фейсбуктагы баракчасына Темирлан Ормуковго ыраазычылыгын билдирип, анын кетирген катасын оңдогонун айтты.

“БШКда мүчө болгон 4 жылдагы катамды “оңдогонуңуз” үчүн ыраазычылык билдирем. А Текебаев мыйзам бузууну саясий куугунтук катары көрсөткүсү келип калп айтууда”, – дейт ал.

Белгилүү болгондой Атыр Абдрахматова Текебаевге мандатын берүү тууралуу чечим боюнча өзүнүн добушун 21-октябрда артка кайтарып алган жалгыз БШКнын мүчөсү.

Ал эми «Ата Мекен» партиясынын лидери Текебаев мандатты алуу тууралуу сот чечимин саясий чечим деп баалаган.

Эске салсак, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылыштагы депутатынын мандатын 15-октябрда алган.

«Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, аны партия лидерине берүүнү БШКнын төрайымынан өтүнүп, арыз жазган.

Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш ушул тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алардын иши кайра каралып жатат.

Текебаев мандатынан сот иштерине байланыштуу 2017-жылдын ноябрь айында ажыраган.

Булак: “Говори ТВ”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: