Menu

Жылдызкан Жолдошева: “Өмүрбек Текебаев өзүн Конституциянын “атасымын” деп эсептейт, бирок мыйзамдарды бузат”

Бөлүшүү:

Жакында эле Бишкек административдик соту Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечимин жараксыз деп тапты. БШКнын мурунку мүчөсү Жылдызкан Жолдошева журналисттерге бул туурасында өз ой-пикирин билдирди.

“Мен Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү катары жооп берем. Өмүрбек Текебаев өзүн Конституциянын “атасымын” деп эсептейт. Акыркы жылдары биз жашап жаткан негизги мыйзамдарды ал жазган. Ал өзү мыйзамда бир жолу депутаттык мандаттан өткөн адам аны токтоосуз ала албай тургандыгын айткан. БШК мыйзамды бузуп, сот мыйзамдуулукту калыбына келтирип, Текебаевди мандатынан ажыраткан. Бул туура, мыйзамдуу чечим деп эсептейм”, – деди Жолдошева.

Эске салсак, Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн Бишкек административдик сотко кайрылган. Административдик сот БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгарган.

Ошондой эле, 24-ноябрда сот Өмүрбек Текебаевди эмне үчүн депутаттык мандаттан ажыратканына түшүндүрмө берди.

Өмүрбек Текебаев өзү соттун чечимин саясий буйрук деп атаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: