Menu

Түркияда төңкөрүш аракети боюнча 400гө жакын адамга өкүм чыкты

Бөлүшүү:

Түркияда 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш аракети боюнча 400дөй адамга соттун өкүмү чыкты. Анын ичинде ондогон мурдагы армия командирлери, учкучтар өмүр бою эркинен ажыратылды.

Бул адамдар өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү кулатууга, президент Режеп Тайып Эрдоганды өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталганын соттук жараянга катышкан маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Түрк өкмөтү 250 кишинин өмүрүн алган окуялар үчүн АКШда бозгунда жүргөн динаятчы Фетхуллах Гүленди айыптап келет. Динаятчы ал окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип жүрөт.

Төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги 90 миңден ашуун кызматкерди, журналисттерди, мугалимдерди Гүлендин жактоочулары деп камакка алган. Дагы он миңге жакыны иштен алынган. Учурда алар боюнча сот жараяндары уланууда.

Президент Режеп Тайып Эрдогандын оппоненттери ал мамлекеттик төңкөрүш аракети деген шылтоо менен каршылаштарынан кутулуп жатат деп сындап келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: