Акыркы 10 айда Өзбекстандын онлайн-аукциондорунда 21 миллион долларга 80 миң “кооз” номур сатылды.
Бул тууралуу Өзбекстандын республикалык товар-сырье биржасы кабарлады.
Маалыматка караганда, пандемияга карабай, автономурларды сатуу 2,6 эсеге өскөн. Бир келишимдин орточо баасы 250 долларды түзгөн. Аукциондо номурдук белгилердин эң арзаны 43 долларга, эң кымбаты 18 миңге жакын долларга сатылган.
Ай башында өзбек өкмөтү алты ай ичинде аукциондо сатылбаган “кооз” номурлардын баасын төмөндөнтүү боюнча чечим кабыл алган.
2019-жылы Өзбекстандын онлайн-аукциондорунда 15 миллион долларга “кооз” номурлар сатылганы айтылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ