Бүгүн, 27-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 377 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 100, Ош шаарынан – 8, Чүй облусунан – 127, Ош облусунан – 26, Талас облусунан – 15, Ысык-Көл облусунан – 36, Жалал-Абад облусунан – 22, Баткен облусунан – 30, Нарын облусунан – 13 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 71 548 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 402 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 62 946га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 122, Ош шаарынан – 17, Чүй облусунан – 75, Ош облусунан – 44, Ысык-Көл облусунан – 26, Жалал-Абад облусунан – 48, Баткен облусунан – 49, Нарын облусунан – 10, Талас облусунан – 11.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 5 адам: Бишкек шаарынан – 4, Нарын облусунан -1. Жалпы саны 1256га жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ